Ош шаарында жигиттер өзбекстандык 18 жашка чыга элек кыздарды алып келип, нике кыйдырам деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ош шаардык мэриясынын алдындагы дин иштери боюнча Координациялык кеңештин жыйынында Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.
«Өзбекстандан келген 18ге чыга элек кыздар менен кыргызстандык жигиттерге нике кыйса болобу?», — деп суроо салды Сарыбаев.
Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери 18 жашка чыга элек болсо Өзбекстандын жараны болсо да уруксат берилбестигин, анткени алар нике кыйган жер Кыргызстандын аймагы экенин билдирди.
turmush.kg









