Домой Коом Ош технологиялык университетинин ректору А.Абидовдун үстүнөн текшерүү башталды

Ош технологиялык университетинин ректору А.Абидовдун үстүнөн текшерүү башталды

204

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Оштогу башкармалыгы Ош технологиялык университетинин ректору Абдыкадыр Абидов боюнча текшерүү иштерин баштады. Бул маалыматы аталган кызматтын маалымат кызматы тастыктады.

Бирок эмне боюнча текшерүү жүрүп жатканы жөнүндө кенен маалымат берген жок.

Ректор Абдыкадыр Абидов маалыматты өзү дагы тастыктап, кенен маалымат берген жок.

булак: turmush.kg