Домой Коом Ошто мектеп мугалимин атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Ошто мектеп мугалимин атып өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

149

Ош шаарында 63 жаштагы жаран мугалимди атып өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Б.А.ны өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Ал Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну болгон.

«Кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш жасаган соӊ, эски тааныштарынын биринин үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалды. Учурда шектүүнүн берген көрсөтмөсүн текшерүү иштери жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту менен (Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин 23-март күнү Ош шаарынын Көкүм бий көчөсүндө азиат түспөлүндөгү, 30-35 жаш чамасындагы жарандын жансыз денеси табылганы кабарланган. Кийинчерээк аны атып кетишкени такталган.