Домой Аналитика Насирдин Исановдун иниси: Агамдын уулун 9-кабаттан ыргытып өлтүрсө да, сынып калбай ишин...

Насирдин Исановдун иниси: Агамдын уулун 9-кабаттан ыргытып өлтүрсө да, сынып калбай ишин уланткан

8836

Өлкөнүн туңгуч премьер-министри, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов 48 жашында жол кырсыгынан каза болгон. 1991-жылы 29-ноябрда Ош – Жалал-Абад унаа жолунда автокырсыктан каза болгондугу тууралуу жакындары да массалык маалымат каражаттары аркылуу уккан. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча Исанов бараткан унааны ЗиЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзгөн. Бирок каргашанын чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, саясатчынын жакындары тергөө иштерине ишенбей келишет.

Исанов туулуп-өскөн үйдө азыр маркумдун бир тууган иниси жашайт. «Бул үйдү агам экөөбүз өз колубуз менен курган элек» деген Абдурашит Исанов агасы тууралуу буларды айтып берди.

«Күндүзү окуса, түнкүсүн иштечү»

– Агам экөөбүз катар чоңойдук. Мен андан 8 жаш кичүүмүн. Кичинекейинен турмушка тың эле деп апам көп айтчу. Мектепте окуп жүргөнүндө тоок багып, жумуртка алып, аны сатып окуу куралдарын, мектеп формасын өзү сатып алчу экен. Ошол муштумдай кезинен эле апамдардан акча албаптыр. Кийин мектепти аяктап Москвага окууга тапшырды. Биздин үйдөн бир эле ошол агам билимге суусаган инсан болгон. Москвадагы инженердик- курулуш институтуна тапшырып, ал жакта да күндүзү окуса, кечинде иштечү эле. Эсимде, акчаны өзү таап, каникул учурунда келип- кетчү айылга. Курулуш тармагында иштечү. Жакасы чоң пальтосу бар болчу, ошону кийип алып окууга жөнөсө суктана берчүмүн.

Ал киши менен сүйлөшүп отуруп эс алчумун. Маңыздуу сүйлөп, максаттары бийик эле. Кичинекейинде комуз чапчу. Эсимде, үйгө меймандар келсе чаап бүтө эле комузун колума кармап меймандардын үстүнө кирип барыпмын. Ошондо уялганбы билбейм, колумдан комузду алып чыгып кеткен. Намыскөй эле… Бир күнү Москвадан каникулда үйгө келип калды. Биз ал убакта талаадан отун ташыйбыз. Ар келгенде менин мектептеги окуумду текшерип турчу. Мен мектепке барбай, отунга кетип калганым үчүн ачууланып, мени көтөрүп ошол отундардын үстүнө ыргытып жиберген. Оку деп көп айтчу. Окууга бизди көп үндөдү. Өтө эмгекчил киши эле. Анын эмгекчилдигин эч кимибиз тартпадык.

«Исановдордон жалгыз өзүм калгам…»

– Мен төрөлгөнгө чейин атам менен апамдын бир уул, бир кызы каза болгон экен. Андан кийинки агам да эрте эле каза болуп калды. Насирдин агам 48 жашында каза болсо, андан кийинки эжем да мени жалгыз таштап кетти. Исановдордон жалгыз өзүм эле калдым… Жашым 70те.

Насирдин агам өлкөнүн туңгуч премьер-министри болуп шайланганда 47 жашта болчу. Бул кызматта 9 ай гана иштеп калды. Агам каза болгон күнү мен Бишкекте элем. Жаңы-Базар айылында жаңы мечит салынып, ошого курулуш материалдарын алып келип бергиле дегенинен борборго кеткен элем. Бишкекте бир мейманканада жатсак теледен агамдын каза болгонун уккам. Кийин билсем, апамдар да теледен айтылган жаңылыктардан уккан экен. Биз ишенбеген, таң калган, ачыкка чыкпаган нерселер аябай көп. Ал убакта азыркыдай демократия деп кыйкырган эч ким жок. Көбү бийликтен коркушчу. Каза болгондон кийин айдоочунун соту жүрүп жатканда жеңем балдары үчүн коркуп сотуна барбай койгон. Өзүм барып катышкам. Адашпасам айдоочуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Эч нерсе деп сөз айткан эмес. Колу сынган экен, азыр ойлосом колу деле эч нерсе болгон эмес окшойт, жөн эле таңып коюшкан бекен деп коем. Эл арасында агамдын сырдуу өлүмү тууралуу айтылган пикирлер да арбын. Өз көзүбүз менен көрбөгөндөй кийин эч нерсе дей алган эмеспиз.

«Сөөгү үч күн эл менен коштошуу үчүн театрдын астында турган»

– Апам анда 80ди таяп калган. Насирдин уулуңуздун балдары ооруп калыптыр дешип Бишкекке алып келишти. Апам агамдын каза болгонун билбей эле келген. Мурун учпаган самолеттор учуп, жүрбөгөн унаалар жүрүп кеткен. Денеси таза, аппак бойдон экен. Сөөгү борбордогу опера-балет театрынын алдында үч күн турган. Жүзүн ачып эле, элге көрсөтүп коюп коюшкан. Эл аябай көп келген. Аялдарды жанына отургузуп коюп чет жактан келгендер сөөктү тегеренип өтүп коштошуп турушкан. Денени катырып койчу дары менен үч күн сактаса керек. Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

«Уулун 9-кабаттан ыргытып өлтүрүшкөн»

Ошол убакта кызы Марияны М. Шеримкуловго келин кылып берген эле. Тайманбас киши болчу. Өзү каза болгондон 5,6 жыл мурун агамдын тун уулу киши колдуу болуп каза болгон. 9 кабаттуу үйдүн 9- кабатынан ыргытып жиберишкен. Анда Исанов курулуш министри болчу. Уулун өлтүрүп коркутабыз дегендерге да моюн сунбай ишин уланткан эле.

«Кызы менен уулу атасынын жолун жолдоду»

– Агамдын артында жубайы менен бир уул, бир кызы калды. Жеңем балдары менен борбордо турушат. Уулу менен кызы ата жолун жолдоп саясатка аттанышты. Кызы буга чейин Жогорку Кеңешке депутат болгон. Быйыл да шайлоого катышып бирок, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып кетпедиби…

«Тирүү болгондо өлкөнү өнүктүрмөк…»

– Пландары көп эле. Учурда биздин айылда Исанов атындагы мектеп бар. Мектептин ичинде агамдын музейи уюштурулган. Колдонгон буюмдары, эмеректери, иштеткен компьютерлеринен бери сакталган. Улуу инсандын өзү өлсө да улуулугу өлбөйт экен. Кайда барбайын фамилиямды айтсам «Насирдин Исановдун тууганы болосузбу?» деп сурап турушат. Кыска убакытта маңыздуу жашап, артынан өчпөс из калтырган экен. Азыркыга чейин эч ким унутпайт. Тирүү болсо өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошмок.

Башкаларга окшоп мамлекеттин байлыгын жеп калайын, өзүмө иштеп калайын деп деле ойлонбоптур. Азыркы мен жашап жаткан үйдүн дубалын өзү тугузган. Мен кышын алып берчүмүн. Кесиби куруучу болгону үчүн курулуш иштерине башкаларды аралаштырчу эмес.

Акаев менен ат салышкан. 1990-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаев менен Насирдин Исанов экинчи турда күч сынашкан. Анда Акаев алдыга озуп чыгып Исанов вице-президент болгонго жетишкен. Кийин саясатчылар чыныгы атаандаштар катары мамлекет башында чогуу туруп, бирге иштешкен.

булак: oshshamy.kg