Домой Аналитика “Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти

“Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти

43

Бүгүн, 12-июнда Бишкекте “Биздин Кыргызстан” жаңы саясий партиясынын конференциясы болуп өттү, анда Бишкек шаардык кеңешинин шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында тажрыйбалуу саясатчылар, жаш, ийгиликтүү адистер – жаңы жүздөр дагы бар.

Конференциянын жүрүшүндө партиянын “Жаратмандар жолу” – шаарларды өнүктүрүү программасы сунушталды.
Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда тез арада чечилүүгө муктаж болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. ” Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоо – биздин тарых жана келечек муундардын алдындагы ыйык парзыбыз”, – деди билдирди ​ А.Осмонов.

Ушундай эле партиянын конференциясы бүгүн Ош шаарында өттү. Иш-чараны партиянын Ош бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачып берди. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар дагы чакырылган. Алар “Биздин Кыргызстан” жаңы саясий партиясына ийгилик каалашты.