Домой Аналитика Өзбекстандагы АЭС: Акыл-эстүүлүк саясий эңсөөнүн ыгында кантип четке кагылат

Өзбекстандагы АЭС: Акыл-эстүүлүк саясий эңсөөнүн ыгында кантип четке кагылат

215

Интернеттин өзбек сегментинде бул өлкөдө атомдук электр станциясынын курулушуна каршы нааразычылык кыймылы популярдуулукка ээ болууда. Азыр кайрылууга үч миңден ашуун адам кол койгон, бул башталышы гана окшойт.

Парадокс, бирок нааразы болгондор Өзбекстандын аймагында АЭСтин курулушуна каршы жетишээрликтей адекваттуу жана объективдүү аргументтерди келтиришет, мындайды расмий Ташкенттен уга албайсың жана бул тууралуу алар унчукпайт. Кыязы, себеп бирөө эле сыяктуу: Россия өлкөгө алып келүүгө убада берип жаткан инвестиция көздү кызытып отурат окшойт.
Серепчилер реактордун курулушун 11 миллиард долларга баалашкан. Бирок, ушунчалык чоң сумма болгону менен, АЭСке байланыштуу тобокелдик акталабы?
Анткени, көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери өз мамлекеттеринин аймагында атомдук электр станцияларын куруудан баш тартышканы бекеринен эмес. Мисалы, Кыргызстанда 2019-жылы жарандык сектордун кысымы менен уран казууга, уран жана торий кендерин геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө, өлкөгө радиоактивдүү чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Биздин Кыргызстанга энергетикалык тартыштыкты мындай койгондо, каржылык ресурстарга муктаж болсо да, бактыга жараша, атүгүл ЕАЭБдүн мүчөсү боло тура, деги эле, атомдук электростанция россиялык өндүрүштүкү экендигине карабастан, АЭСке карата болушу мүмкүн коркунучту сезип жатышат.
Бирок Ташкент Беларусь Республикасында курулуп, чоң ишеним менен ишке киргизилген атомдук электр станциясы келерки күнү иштен чыгып, коңшу Литваны чочуткандыгы жөнүндө «көрүнүктүү» окуяны капарына алар эмес.
Келечектеги өзбек станциясындагы кырдаал бир нече себептерден улам абдан аянычтуу болушу да мүмкүн.
Биринчиден, атомдук электр станциясынын курула турган жериндеги табигый шарттар: Жызак облусу өлкөдөгү сейсмикалык эң коркунучтуу аймактардын бири.
Экинчиден, атомдук электр станциясын иштетүү учурунда жылуулукту суутуу үчүн чоң көлөмдөгү суу ресурсу талап кылынат. Ал эми реакторду куруу пландаштырылып жаткан Тузкан көлүндө суу мелмилдеп турган жок жана ал иш жүзүндө Казакстандын суу сактагычтарынан суунун агып келишинен көз каранды.
Ташкенттин АЭС куруу планы боюнча чечимин Казакстандын калкы жактырып жатат деп айтуу кыйын. Мунун себептери түшүнүктүү: 2020-жылдын май айында Казакстандын түштүгүндөгү Түркстан облусу Өзбекстандын Сардөбө суу сактагычынын тогоону жарылып кеткендиктен жапа чеккен. Өзбекстандык чиновниктер Казакстанга эч кандай коркунуч жок деп ишендирген болчу.
Ошондо Өзбекстан суу сактагычтагы тогоондун бузулуусуна долбоордук-сметалык документтерди түзүүдөгү, ошондой эле курулуш жана эксплуатация учурундагы каталарды жана кемчиликтерди, деги эле жасалма суу сактагычты куруунун жүрүшүндө өзбек чиновниктеринин уурулук кылганын жана ысырапкорчулукка жол бергенин мойнуна алды. Бул суу сактагыч куруудагы мисал гана. Ал эми АЭС сыяктуу «майлуу-сүттүү» объектти курууда алкымы кең чиновниктердин кантип уурдап, кантип эсеп берерин элестетүү кыйын эмес! Бирди,эки кылуу жана жемкордук сапаттары менен Өзбекстандагы гана эмес башка өлкөлөрдөгү чиновниктердин да даңкы чыкканы турган иш.
«Росатом» Өзбекстандын аймагында ВВЭР реакторлору бар энергоблоктордун базасында кубаттуулугу 1200 МВт болгон «3+» муундагы атомдук электр станцияны курууну убада кылууда. Чырга айланган белоруссиялык станцияда так ушундай жабдуулар орнотулган эле. Ядролук коопсуздукту жөнгө салуучулардын европалык тобу (ENSREG) Белоруссиядагы станцияга көз карандысыз баа берип, «Росатомдун» ишеним билдиргендигине карабастан, «ВВЭР-1200 тутумунун долбоорунда жана коопсуздугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр дагы деле бар» деген тыянак чыгарган.
Европа Комиссиясынын чечими менен 2007-жылы түзүлгөн көзкарандысыз эксперттик консультациялык топтун 74 барактык отчетунда Белоруссиянын атомдук электр станциясынын жана, атап айтканда, Өзбекстандын атомдук электр станциясына орнотулуусу сунушталып жаткан ВВЕР-1200 реакторунун бардык тобокелчиликтери жана кемчиликтери жөнүндө кеңири чагылдырылган.
Бирок Өзбекстандын келечектеги атомдук реактордун ээси катары позициясын начарлатуучу дагы бир нюанс бар: бул тынчы жок коңшусу Ооганстанга байланыштуу.
2020-жылдын ноябрь айында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москванын Ооганстандагы кырдаалдын күндөн күнгө начарлап бара жаткандыгына жана «ислам мамлекетинин» согушкерлери Борбордук Азияга басып кирүүнү максат кылып, өлкөнүн түндүгүндө топтолушуна тынчсыздануусун билдирди. Атомдук электростанция сыяктуу объект террористтер тараптан жаңжалдын бутасына айланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул эми Өзбекстандын гана эмес, Тажикстандын жана бүтүндөй Борбордук Азиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирмекчи.
Бирок, акыл-эстүүлүк жүйөлөрү расмий Ташкентти токтото албай жаткандай, ортого чоң акча коюлган жана саясий эңсөө күч алууда: бул – ишенимсиз жана кооптуу болсо дагы бүтүндөй Борбордук Азияда атомдук электр станциясы бар жалгыз мамлекет болууну каалоо.

Ермолий ЛАЗЕБНИКОВ