Домой Саясат Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалды

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагалыгына дайындалды

26

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал Конституциянын 71-беренеси менен, Министрлер Кабинетинин төрагасынын, Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кечээ, 11-октябрда президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Бүгүн, 12-октябрда президент Садыр Жапаров «Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам” деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», — деп билдирген.

Бүгүн «Азаттык» ишенимдүү булактарына таянып, өкмөттүн болжолдуу курамын жарыялаган. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаров, анын биринчи орун басарлыгына Арзыбек Кожошев, экономика маселелери боюнча орун басарлыгына Азиз Аалиев, социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына Эдил Байсалов, коопсуздук тармагы боюнча орун басар-УКМКнын төрагалыгына Камчыбек Ташиев, экономика министрлигине Данияр Амангелдиев, финансы министрлигине Алмаз Бакетаев, юстиция министрлигине Аяз Баетов, маданият, маалымат министрлигине Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министрлигине Кудайберген Базарбаев сунушталган.

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри, Улан Ниязбеков ички иштер министри, Болотбек Купешов билим берүү министри, Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри, Аскарбек Жаныбеков айыл чарба министри, Эркинбек Осоев транспорт министри, Доскул Бекмурзаев энергетика министри, Бактыбек Бекболотов коргоо министри, Динара Кутманова экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы, Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри болуп ишин уланта турганы жарыяланган.