Домой Саясат Сатышевден башка жаңыча ойлонгон жаштар жокпу?

Сатышевден башка жаңыча ойлонгон жаштар жокпу?

209

Мамлекеттик архитектура курулуш агенттигинин директору кайрадан алмашып, Сатышев Токтомамбет Сатышович деген 64 жаштагы аксакал киши жаңы директор болуптур. Мындан бир нече ай мурда эле аталган мекемеге жаңы директор дайындалган эле. Директорлор байпактай эле алмаштырылып жатканы кызык болууда. Сатышев буга чейинки директорлордун баарысын жаманаттылап, баарынын түбүнө жетип, Бакыт Абдиевден баштаган бардык мыкты, профессионал жетекчилерди шыпыртып түшкөнү эле эмне деген «эрдик» ыя?! Баарынан кызыгы, директорлукка дайындалаар астында резиденцияга кирип чыкканын, президент Жапаровго жана анын агасы Сабыр Жапаровго жолукканын айтып мактанып, өзүн президенттин кишиси катары көрсөткүсү келип жатканы эмнеси?! Так ушундайлар президентти элге жек көрсөтөт. Ошондуктан эртерээк ушундай «аксакалдардан» тазаланыш керек…