Домой Саясат Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматынан кетти

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматынан кетти

48
Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Ал бул кызматта 2021-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан. Бакировдун ордуна 2021-жылдын май айынан тарта Финансылык чалгындоо кызматынын директору болуп келген Канатбек Тургунбеков дайындалды.
Ал эми Финансылык чалгындоо кызматын Финансы министрлигинин башкармалыктарынын биринде иштеген Канат Асангулов жетектемей болду.
Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.