Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдиргендей, Россиянын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алып, андан кийин анын алдындагы жерди ижарага алууну чечкен.
«Ижаранын акысы символикалык түрдө коюлган», — деди ал.
Аталган жерлер Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков (№ 107) көчөлөрүндө жайгашкан.Россия Федерациясынын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алган. Имаратты сатып алганга мыйзамдуу укугу бар. Ал эми анын алдындагы жер сатылбайт, жер ижарага гана берилет. (Комитеттин жыйынында — ред.) ижара берүү маселеси каралды», — деди ал.
Ал билдиргендей, жер көп жылдык пайдаланууга ижарага берилет (49 жылга). Ижаранын акысы символикалык түрдө коюлган.
«Мамлекеттер аралык мамиле болгондон кийин ижара акысы символикалык түрдө коюлган. Жердин аянты 1 миң 700 чарчы метрди түзөт», — деди ал.
Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Россиянын Чек ара кызматы Бишкектин Жибек Жолу (№ 539) жана Керимбеков (№ 107) көчөлөрүндө жайгашкан жерлерди ижарага алууну палндап жатканы белгилүү болгон.
Аталган даректеги имараттар кызматтык пайдалануу үчүн алынууда.