Домой Коом Митинг учурунда каза болгон 19 жаштагы бала бир үйдүн жалгыз уулу болгон

Митинг учурунда каза болгон 19 жаштагы бала бир үйдүн жалгыз уулу болгон

374

5-октябрда өткөн митингде жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып, каза тапкан 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек бир үй бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу Инаят Ниматова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазып чыкты.

Анда каза болгон бала Лейлек районунун Кара-Булак айылынан экени айтылат.

«Бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу. Силердин бүгүнкү күнүңөр үчүн өмүрүн, жанын берген жапжаш баланын сөөгүн, туугандары бүгүн араң өлүкканадан чыгарып, туулган жери 1 миң 100 чакырым алыс болгон Лейлек жергесине алып кетишти… Эл башчылары жаназасына кимиңер барасыңар? Акыркы сапарга баатырларча узатып койгонго убактыңар барбы?», — деп жазылат билдирүүдө.
5-октябрда «Ала-Тоо» аянтына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар чогулуп, массалык митинг өткөн. Кийин укук коргоо органдары менен митингдин катышуучулары ортосунда кагылышуу орун алып, биринчилери демонстранттарды качыруу үчүн кулак тундуруучу граната жана жардыруучу заттарды колдонгон.
7-октябрь саат 12:30га карата жаракат алып медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 911ге жеткени маалымдалды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди тандоо 4-октябрда өткөн. БШК 7 пайыздык босого чегинен 4 партия өткөнүн билдирген.
булак: super.kg