Домой Коом Аскер кызматкерлери Бишкекте митинг өткөрүшөт

Аскер кызматкерлери Бишкекте митинг өткөрүшөт

154

1992-1999-жылдары тажик-афган секторунда КМШнын тышкы чек арасын коргоону күчөтүүгө катышкан аскер кызматкерлери тынчтык митингин өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу VB.KGге укук коргоочу, отставкадагы полковник Анвар Сартаев билдирген.

Маалыматка ылайык, митинг 21-июнь саат 11.00гө белгиленген.

Бишкек мэриясы аскер кызматкерлерине митинг өткөрүүгө макулдугун берген.