Домой Коом Текебаев: “Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес”

Текебаев: “Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес”

43

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев күн тартип каралардын алдында билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт берүүнү суранды.

Анда вице-спикер Мирлан Бакиров “добуш берүүнү бүтүрүп, күн тартибин кароого өтөбүз” деп билдирди. “Күн тартибинде биринчи добуш берүүнү бүтүрүп, андан кийин күн тартибине өтөбүз. Добуш берүү учурунда талкууга жол берилбейт”, – деди ал.

Текебаев: “Фракциялар жыйында билдирүү жасаганга кепилденген укугу бар. Мен талкуу иретинде сөз сураган жокмун. Мен бүгүнкү маселе караларда билдирүү жасоо үчүн убакыт сурадым. Мен талкууга катышайын деген жокмун. Фракциянын укугун чектебеңиз. Фракциянын укугу Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин убагында да чектелген эмес. Эмне бүгүнкүлөр чектеп коёюн деп жатабы?”, – деди.