Домой Саясат Вице-спикер Мирлан Бакиров кызматтан өз ыктыяры менен тапшырат.

Вице-спикер Мирлан Бакиров кызматтан өз ыктыяры менен тапшырат.

185

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кийинки жумуда өз ыктыяры менен аталган  кызматын тапшырат. Бул  тууралуу «Медиа центр» мультимедиалык-маалымат агенттигинин өздүк булагы билдирди.

 

Буга чейин Аида Касымалиеванын кызматтан кетүүсү боюнча маалымат тараган жана аны бир топ депутаттар тастыктаган.  Анын ордуна учурдагы ЖК депутаты Гүлкан Молдобекова келээри айтылган. Ал эми Мирлан Бакировдун ордуна азыркы бийликтин кадрларынын бири келет деген божомолду өздүк булагыбыз билдирди. Ким төраганын орун басары болуп келээри тууралуу да кийинчерээк маалымдайбыз.