Албетте, министр Кашкар Жунушалиевдин кан досу туурасында азыноолак суроо салалы. Моралдык, кызматтык этика деген болуш керек да! Же катын сымал танып кетеби?..
10-августта, кечинде ИИМге караштуу “Аалам” пансионатынын директору Ашым Абдраимов ашынып, “кычкыл сууга” ченебей тоюп алып, жанына тергөөчү кыздарды алуу менен шапар тепкенин жашырабы? Иштебей эле ирите берсе болобу? Бишкекке улам видео коңгуроо менен чалып, кесиптеш полковниктерине сулууларын тааныштырганын танабы? Иш жүзүнөн караганда, Ашым Абдраимов олуттуу структуранын пансионатын тейлеп отурган жетекчи го? Же буларга каалашынча тайраңдай берсе жарашабы? Тергөөчү кыздардын убалы эмне болот? Жооп берсин эй! Биз суроолорду узаттык!
Aryba.kg