Домой Коом Башкы прокурор Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаев кайда экенин билбейт

Башкы прокурор Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаев кайда экенин билбейт

1365

“Издөөдө жүргөн Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев азыр кайда экенин билбейм”. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КРнын Башкы прокурору Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алар 5-6-октябрь күндөрү жумуштан дайынсыз жоголгон учурда, аларга кылмыш иши козголгон эмес.

“Алар боюнча издөө жарыяланып, иш козголду. Бирок алардын жумуштан кетип, кызматкерлерин жалгыз таштап кеткени таптакыр туура эмес болгон”, – деди Зулушев.

Ал Жунушалиев менен Опумбаевдин аракеттерине юридикалык баа берилиши керек деп эсептейт.

Эске салсак, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев өлкөдө саясий жана массалык баш аламандык болуп жаткан 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү өз жумуштарынан чыгып кетишкен.