Домой Коом ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланды.

ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланды.

204

ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев жумуш ордуларынан качып кетишкен. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Баткен облусуна иш сапары менен барган Садыр Жапаровдон жергиликтүү тургундар “5-октябрдагы митингди таркатуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө ким жооп берет?” деп сурашты.

Садыр Жапаров ал унутулбай тургандыгын жана кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталаарын айтып, буга кылмышкерлер жооп берерин айтты.

“Кылмышкерлер жооп беришет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери изделүүдө. Милиция менен элдин кагылышуусуна күнөөлүүлөр жана буйрук бергендер жазаланат”, – деди ал.

Бишкектеги митингде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу 19 жашта болчу. Милиция демонстранттарды таркатуу учурунда граната анын бутуна тийип, жаш жигит өмүрү менен кош айтышкан.

булак: Kyrgyztoday