Домой Саясат Журналист Мирбек Айтикеев камалды

Журналист Мирбек Айтикеев камалды

117

Апрель телеканалынын журналисти жана КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды. Бул туурасында анын жакындары маалымат булактарга билдирди.

Буга чейин Атамбаевдин бийлигин колдоп, 7-8 август күнү Кой-Таштагы кагылышууну түз эфирден көрсөтүп турган. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Бирок Биринчи май райондук соту Айтикеевди 10-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.