Домой Саясат Марс САРИЕВ, саясат таануучу: “Жээнбеков менен Атамбаев бири бирине каршы чыкпайт”

Марс САРИЕВ, саясат таануучу: “Жээнбеков менен Атамбаев бири бирине каршы чыкпайт”

93

1036778517

Акыркы кездери президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде коррупцияга каршы билдирүүсү кайсы бир күчтөр тарабынан тымызын бурмаланууда. Өткөн жумада айрым интернет сайттарына Жээнбековду үй-бүлөлүк башкарууга баратат деген мазмунда материал жарыяланды. Ошондой эле экс-президент менен учурдагы мамлекет башчысын кайраштырууну максат кылыптыр. Алардын бул аракети ишке ашабы?

—   Биринчиден, экс-президент менен учурдагы президентти оппозициялык маанайдагы топтор кайраштырууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок, Жээнбеков менен Атамбаев бири-бирине катуу каршы чыгат деп ойлобоймун. Ал эми коррупция менен күрөшүүдө жаңы президент сөзсүз өзү ишенген адамдарды жооптуу кызматтарга алып келиши керек. Бул күтүлүп эле жаткан маселе. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев деле ушундай кадамдарды жасап жатпайбы. Эл жыйынтыкты күтүп жатат. Андыктан С.Жээнбеков да муну эске алууда.

—   С.Жээнбековду үй-бүлөлүк башкарууну орноткону жатат деп айыптаганы кандай? Буга жаңы президент жол береби? viagra gum.

— Жээнбековдордун үй-бүлөсүн элдин баары жакшы билет. Президентке деле Акаев менен Бакиевдин окуясы чоң сабак болгон. Андыктан Жээнбеков алардын катасын кайталайт деп ишенбейм.

Сооронбай Жээнбеков деле акырындык менен мамлекетти оңдоюн деп жатат. 16-мартта Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери менен жолугат деп жатат. Коңшулар менен мамилени бекемдеп, Кыргызстанды өнүктүрүшү керек. Ал үчүн жанында ишенимдүү кадрлар болушу шарт.