«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин темир тор артына камалып, өзү айтмакчы түнтүрөөк тартып кеткенине 26-февралда туура бир жыл толду. Ага жана анын партиялашы Д. Чотоновго УКМК кылмыш ишин козгоп, өткөн 2017-жылдын дал ушул күнү камакка алган эле. Андан кийин соттун чечими менен экөө бирдей 8 жылдан эрктеринен ажыратылган.
Албетте, ага карата коюлган айыптоолорду Текебаев өзү да, анын санаалаштары жана адвокаттары да четке кагып, саясый боек сүртүү менен алектенип келишет. Ошентсе дагы Өмүрбек мырзанын өзүнүн абакта жатып берген акыркы интервьюларынын биринде саясатка келгенге чейин мүнөзү түнт болгонун, эми кайрадан ошол мүнөзүнө кайтып келгенин кыйытыптыр. Кыязы, өзүнүн акыркы жылдарда кетирип алган катачылыктарын, жаза басууларын анализдеп, эрдин кырча тиштеп отурат окшойт.
Текебаев – бул кыргыз саясатында орду бар, өзгөчөлөнгөн фигура экенин эч ким танбайт. Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери карай парламент партасынан түшпөй келатканы да чындык. Бирок, анын ошончо жылдан бери карай депутаттык партадан түшпөй келатышы мамлекет үчүн, элибиз үчүн эмне берди эле деген суроо жаралат. Анын кооз сөздөрү, чындыкты тайманбай айтып аткандай жасаган түрү гана эсте калды. Болбосо, Текебаевдин жасаган эмгеги менен мына ушундай чоң иштер жасалды эле деп айта турган мисалдар жокко эсе.
is flagyl sold over the counter.
Акаевдин убагында элибиз Чиркеш аксакалдын уулун чындыктан тайманбаган, эр жүрөк саясатчыдай сезээр эле. Бирок, ал дагы жаңылыштык сезим болгон экен. Көрсө, ал «сырты жалтырак, ичи калтырак» депутаттардын катарын толуктап келиптир. Бүгүнкү күндө борбор калаабыздагы Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт кабат имарат бар. Анда «Супер инфо» гезитинин редакциясы жайгашкан. Мына ушул имарат Ө. Текебаевге тиешелүү болуп саналат. Ага ал кандайча ээлик кылып калган дебейсизби?Үзөңгү-Кууш Кытайга сатыла турган болгондо Текебаев «каршы» деген добуш берүү менен кворум түзүп бергени үчүн «ыраазычылык» катары Акаевдин өзүнөн алган дешет. Демек, ал ошондо эле элибиздин кызыкчылыгына каршы иштеген болуп атабы?
2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Текебаевдин ысымы мародерлордун арасынан да угулду. «Белизгейт» чуусунда белгилүү болду. Анан акыры «Мегакомду» алып берем деген убада менен россиялык ишкерден 1 миллион доллар пара алганы сот аркылуу далилденип, темир тор артына кетти. Кыргызда «жел жүрбөсө чөптүн башы ыргалбайт» деген сөз бар. Андыктан анын мародерчулук иште, «Белизгейтте» да катыштыгы бардыгы жакынкы убакыттарда далилденип калышы толук мүмкүн.
Азыркы учурда башкы «атамекенчинин» партиялаштары «Текебаевдин парламентте жок экени билинип калды» дешип көкүрөк койгулап отурушат. Ооба, билинип калды, муну жашыра албайбыз. Бирок, анын парламентте жоктугу тескерисинче жакшы таасир берип атканын кантип танабыз? Текебаев парламентте депутаттардын иштөөсүнө тосокколук жаратып, түрдүү интригаларды гана уюштуруп келген. Өкмөттү да өзүнө жакпаса, түрдүү шылтоолорду таап ээрден оодарып түшүүчү. Мунун баары өлкөбүздүн тынчтыкта өнүгүшүнө тоскоолдук гана жаратып келген болчу. Азыркы тапта парламент интригалардан алыс, өкмөт өз калыбында иштеп атат.
«Уурунун орду түрмөдө» деп бир убакта Өмүрбек мырза өзү айтчу. Ошол сөзү минтип бир жылдан бери иш жүзүнө ашууда. Текебаев акыры чыныгы ордун тапты.