Домой Маек Марс Сариев: Жээнбековду түштүктөгү электоратты жоготуп албоо үчүн алып келишти

Марс Сариев: Жээнбековду түштүктөгү электоратты жоготуп албоо үчүн алып келишти

73

Марс Сариев— Марс мырза, Темир Сариевдин отставкасы боюнча оюңузду ортого салсаңыз?

— Мен Сариев өкмөт башчылыкка дайындалып жатканда, ММКларга төмөндөгүдөй оюмду билдиргем: Темир Сариевдин позициясы начар, азыр кризистик менеджер керек, ал менеджер эмес. Ал аппарат кызматкери катары жакшы иштейт, бирок стратег эмес, тактик дегем. Ал бир жыл ичинде тактика жагынан жакшы эле иштеди. Ар кандай маселе боюнча, маселен оор көйгөйлөрдү оңдоого чоң аракет жумшап, ыкчам өрт өчүрүү командасы сыяктуу иш алып барды. Ошондой болсо да, бизге, мамлекетке кризистик менеджер керек болчу. Сариев талаштуу маселе чыгып калганда, ал чыр маселе Сариевдин өзүнүн башына тийбей, дароо эле президенттин башына тийет деп айттым эле, себеби, анын артында парламентте партиясы жок, чоң чиновник катары жеке жоопкер болот деп айткам. Эгер Сариевдин ордунда Бабанов болсо, мындай маселеде “Республиканын” платформасы бар, андыктан ал толугу менен өзү жооп бермек. Ошол эле Өзбекстан менен Үңкүр-Тоо маселеси боюнча талашта, негизги сокку Сариевге көп тийбей, президентке, анан КСДП башында турган көпчүлүк коалицияга  тийбедиби. Анын айынан көпчүлүк коалиция түштүктөгү электоратты жогото баштады да. Андан кийин Балыкчы-Корумду жолу боюнча тендер маселеси чырга айланып, ошондон улам Сариев кызматтан кетти. Эми бул маселе боюнча анын канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин тергөө комиссиясы иликтеп чыгып, жыйынтыгын толук айтышы керек. Бирок, моралдык жактан өкмөт жооп бериши зарыл. Бизде партиялык дайындоолор болуп, бул өкмөттүн ишине абдан жаман таасирин тийгизип жатат. Андыктан, премьер-министрдин колу кыска. Сариев муну билип турса да, “Ак Шумкар” партиясын таштап коюп, өкмөткө келген да, эми анын ахыбалы жеңил болбойт. Ал кайрадан партиясын көтөрүүгө күч жумшап, көп өтпөй кайрадан саясатка келет го.

— Өкмөттүн курамы канча пайызга өзгөрөт деп ойлойсуз?

— Менимче, өкмөттүн курамы көп өзгөрбөйт, ушул эле курам ишти токтотпой уланта берет го. Азыр партиялар өз ара сүйлөшүп, көп министрлерди алмаштырганча, өкмөттүн иши таптакыр эле кризиске такалып калышы мүмкүн. Неге дегенде, азыр өлкө ахыбалы жакшы эмес, бир топ оор. Балким, ИИМ министри, Маданият министри алмашып калышы мүмкүн. Ал эми министр Аргынбек Малабаев да сөзсүз кызматтан кетиши керек. Чынында көпчүлүк коалицияда кадр маселеси боюнча өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, жыйынтыгын жаңы өкмөттүн курамы менен көрөбүз. Кыскасы, өкмөт башчы тез эле дайындалат, иш уланып, саясый кырдаал азыркыга караганда оңолот.

— Өкмөт башчылыкка реалдуу талапкер катары Сооронбай Жээнбеков тандалды. Бул адамга сиз кандай баа бересиз?

— Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка эмне үчүн каралып жатат? Түштүктө саясатты көп деле терең түшүнбөйт. Бирок, жогоруда айткандай Үңкүр-Тоо маселесинин зыяны көпчүлүк коалицияга, президентке түз тийди. Президенттик шайлоо да жакындап калды. Бул маселелер боюнча бийлик абдан санааркап жатат. Ошон үчүн премьер-министрлик кызматка жакшы аппарат кызматкери, түштүктө жакшы ресурстары бар, президент болууга амбициясы жок, башкарууга ийкем Сооронбай Жээнбековду ылайык көрүп жатышат. Жээнбековдун андай-мындай ишке аралашканы же коррупциялык иштер боюнча сөз болгонун уга элекпиз да. Түштүктө анын кадыры жетиштүү эле. Бийлик – бул маселе менен түштүктөгү электоратты жоготпой, сактап калууну көздөйт. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Бирок, жакында бизге Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Сергей Нарышкин жөн эле келип кеткен жок. Москванын бизге болгон позициясы да күчтүү. Себеби, валюталык ресурстар, бир топ инвестициялар Москвадан келип турбаса, анда бизге абдан эле оор болуп, катуу кыйналып калабыз. Андыктан, Жээнбековдун талапкерлигине Москва кандай көз караш менен карады, кандай сөз болду, аны да талдаш керек. Буга чейин Москвага Аалы Карашев деле ЕАЭСке бирдиктүү валюта киргизүү керек деп жакшы эле сигналдарды берип жатты.  Ошон үчүн Москва кимдин талапкерлигин жактырат, бул да өзүнчө чоң маселе болду.

— Сариев Балыкчы-Корумду жолу боюнча талаш маселени депутаттар, атап айтканда бир фракция лидери уюштурган дегендей билдирүү кылды. Бул боюнча эмне дейсиз?

— Темир Сариевди кызматтан кетирүү амалдары иштелиши мүмкүн, өз ара долбоор кылып, аны ишке ашыргандар болгондур. Бул чырлуу  окуянын ичинде жасалма жүрүштөр орун алышы толук мүмкүн. Негизи Сариев тактик катары экономика маселесине терең көңүл буруп, эл-жерди ыкчам кыдырып, жакшы эле иштерди жасап жаткан. Анан ортодон Үңкүр-Тоо маселеси чыгып, анын айынан КСДП түштүктө электоратын жоготуп баштаганда иши бүттү да.

— Марс мырза, менимче азыркы келе турган өкмөт, өкмөт башчы 1 жылга жетип-жетпей иштеген техникалык өкмөт сыяктуу болот. Анан президенттик шайлоого жарым жыл, балким андан көп убакыт калганда, президент боло турган адамды өкмөт башчы кылышы толук мүмкүн. Сиз ушул божомолго кошуласызбы?

— Кошулам, туура эле божомол десек болот. Азыр деген кризис болуп, эл кыйналып жатпайбы. Эл азыр саясатты карап, алаксып жатат. Өкмөт шайланып, толук кандуу иштеп баштаганча жай болуп калат, жай деген саясат үчүн “өлүк мезгил”. Аңгыча күз келет. Анан бийлик негизги максаттарды ишке ашырууну колго ала башташат да. Ошон үчүн бул кризис атайы жасалса да андан чыгуу жолу жакшы десек болот.

— Сооронбай Жээнбековдон кийин премьер болуп, анан президенттикке реалдуу талапкер катары чыга турган кайсы адам деп эсептейсиз?

— Ал адамдын ысымы азырынча айталбайт. Азыр муну айтуу эрте. Аны ачык айтып чыгышса, ал эмитеден ар кандай күчтөрдүн бутасы болуп калат.

— Акыркы суроо болсун. Бакыт Төрөбаев же Канат Исаев экөөнүн бирөө спикер болуп калышы мүмкүн болуп турат. Кимиси татыктуу деп эсептейсиз?

— Спикер ким болот деген маселеде президенттик шайлоону да эске алып чечишет. Картаны КСДП, Атамбаев чийет. Спикер Канат Исаев  болот го, анын бул жолу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жерде түндүк-түштүк маселеси бар да.

Маектешкен Айбек Шамшыкеев