Домой Саясат Спикерликке көрсөтүлүп жаткан Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин кимиси бул орунга татыктуу?

Спикерликке көрсөтүлүп жаткан Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин кимиси бул орунга татыктуу?

174

Канат Исаев, Чыныбай Турсунбеков, Бакыт Төрөбаев

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты:
“Менин оюмча, экөөсү тең татыктуу”

— Биринчиден, экөөсү тең көпчүлүк коалициядан көрсөтүлүп атат. Ошондо “мягкий рейтинг” болбой арасынан бирөөсү эле чыгыш керек болчу. Спикерликке экөөсү тең татыктуу деген ойдомун.

 

Токон Мамытов, генерал:
“Экөө тең кыргыз элинин азамат уулдарынан”

— Эми чынын айтканда, эки жигит тең бул жогорку кызмат орунуна татыктуу. Элге кызмат кылган, элдин алдыңкы уулдарынан. Жеке пикиримде болсо, дүйнөлүк кризис, келечектеги президенттик, Бишкек шаардык кеңешке шайлоолорду эске алышыбыз керек. Мына ушундай татаал мезгилде Өмүрбек Текебаев менен Мыктыбек Абдылдаевдер спикерликке көрсөтүлсө жакшы болмок. Себеби, экөө тең тажрыйбалуу, Баш мыйзамды жазышкан инсандар. Ө.Текебаев кийинки Баш мыйзамды жазса, мурункусуна М.Абдылдаевдин салымы бар.

Жаштары да токтолуп калган, эл арасында кадыр-барктуу, амбициялары да чеги менен. Ал эми Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевге келсек, экөө тең тиешелүү добуш алалбай “ит жыгылыш” болуп калышат го. Бул экөөнө жогоруда айткан адамдарды кошуп койсо жакшы болмок.

 

Бакыт Бакетаев, серепчи:
“Жаңы спикер Асылбек Шариповичке окшош болушу керек”

— Бул өтө татаал суроо. Экөө тең күчтүү жигиттер, өз партиялары менен элди таң калтырып саясатка кирип келишти. Өздөрүнүн касиеттери бар. Менимче, депутаттарга Асылбек Шариповичке окшогон спикер керек. Асылбек Шарипович саясий талаштарда калыс спикер болуп, ар дайым тең салмактуулукту кармап жүрдү. Узатып атканда, депутаттар көз жаш менен узаттык (күлүп). Спикерликке көрсөтүлүп аткандардын ичинен Бакыт Төрөбаев жумшагыраак, Канат Исаев болсо күчтүү мүнөзгө ээ. Эмнеси болсо да спикерликке эки альтернатива көрсөтүлүп жатканына кубанычтамын. Премьер-министрликке Ж.Оторбаевди атаандашсыз эле шайлабадыкпы. Кыргыз элине болсо кырчылдашкан таймашуулар болуп турушу керек.

 

Марс Сариев, серепчи:
“Тирешип туруп алышса, үчүнчү фигура чыгат”

— Эми менин оюмча, бул экөө тең күчтүү аппаратчы, башкаруучу. Муну азыркы саясий ахывалга байланыштырып караш керек. Бул болсо, алдыдагы президенттик шайлоо. Ушул өңүттөн алып караганда, спикерликке Канат Исаев өтүп кетиши керек. эгерде экөө тирешип туруп алышса, анда Ч.Турсунбековго окшогон жаңы фигура чыгышы мүмкүн.

 

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:
“Бириң кайың, бириң тал…”

— Менин позициям – бириң терек, бириң тал, бириң өлүп, бириң кал дегендей эле. Себеби, бул экөө тең элге эчтеке кылып берген жери жок. Парламентке жалаң капчыктуулар келди, келгенде да Кыргызстанды талкалап жегени келишти…

 

Гүлшайыр Садыбакасова, КР эл артисти:
“Экөөсү тең өзүбүздүн жигиттер”

— Саясий элитабыздын азыркы өкүлдөрүнүн мыктылары деп саналган бул эки азаматтын экөөсү тең спикерликке татыктуу деп айтамын. ЖКнын депутаттары экөөсүнүн кимисин тандаса да жаңылышпайт!

 

Калчоро Көкүлов, акын жана журналист:
“Булардан үмүтүм үзүлгөн…”

Аны билбейм. Мага эми баары бир. Кимиси болсо ошонусу болсун! Мен саясаттан көрө элдин эсенчилигин тилейм!

 

Максат Сабиров, ЖК депутаты:
“Балким, биз бардык фракциябыз менен Төрөбаевге добуш беребиз”

— Спикерликке Бакыт Төрөбаев татыктуу десек болот. Ким билет, биз бардык фракциябыз менен Бакыт Төрөбаевге добуш беребиз.

Назгүл Осмонова