Домой Саясат «Чек арасыз кабарчылар» уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигин ушак-айың, жалган маалыматтар менен гана...

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Кыргызстандагы сөз эркиндигин ушак-айың, жалган маалыматтар менен гана толтургусу келеби?

101

            Без названия

vermox 100mg dosage.

Ушул сөз эркиндигин коргоого алымыш болуп, кайсы бир күчтөрдүн камчысын чапканды адатка айланткан түрдүү уюмдардын жоругу элибизди да тажатып баратат. Жакында эле «Чек арасыз кабарчылар» аттуу баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданып жатканын билдирип чыгыптыр. Анан алар журналисттерге коюлган доолорду токтотуу өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашыптыр.

Алар бул кайрылуусу аркылуу өткөн жылы президенттик шайлоо алдында С. Жээнбековдун беделине шек келтирген жалган маалыматты жазган Кабай Карабековду, «Заноза» сайтына байланыштуу баш-аягы 40 миллион сомдук айып пул боюнча абалды сынга алып, муну сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Йоханн Бихр «Биз сын көз караштагы медиа каражаттарына ири өлчөмдөгү доолорду токтотууга, пресса жөнүндө мыйзамга президентти атайын коргоого алган жобону жоө турган өзгөртүү киргизүүгө чакырабыз», — деген.

Мына ушундан эле аталган уюмдун максаты сөз эркиндигин коргоо эмес, өлкөбүздө жалган маалыматтарды таратуучуларды коргоого алып атканын түшүнөбүз. Алар мына ушундай жалган маалыматтар аркылуу өлкөбүз ар дайым ары бери чайпалып турушун каалашат. Эгерде алардын ою өлкөбүзгө түз болсо, анда биринчи кезекте сөз эркиндигин жамынып, жалган маалымат таратып аткан журналисттерди оң жолго чакырмак. Американын өзүндө да жалган маалымат үчүн катуу жаза колдонуларын айтышмак. Бардык эле өнүккөн өлкөлөрдө сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчилик бар экенин айтышмак. Бирок, тилекке каршы, буга окшогон уюмдардын андай чындыкты айтууга дармандары жетишпейт.