Домой Ден-соолук Кытайдан келген вакцина менен алгач Саламаттыкты сактоо министри эмделет

Кытайдан келген вакцина менен алгач Саламаттыкты сактоо министри эмделет

115

Кытайдан келген вакцина менен алгач Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделет. Бул тууралуу министр «Акипресске» билдирген.

«Ооба, мен биринчилерден болуп өзүм эмделем. Биз өндүрүүчүлөрдөн вакцина боюнча алган көрсөтмөлөрдү окуп жатабыз. 22-23-мартта консилиум өткөрүлөт, андан кийин акырындык менен эмдөөгө даярдана баштайбыз», — деген ал.

Эске салсак, 19-мартта Кыргызстанга Кытайдан Синофарм вакцинасынын 150 миң дозасы келген.