Домой Саясат Зулушев Алымкадыр Бейшеналиев менен пикир келишпестик болгонун айтты

Зулушев Алымкадыр Бейшеналиев менен пикир келишпестик болгонун айтты

31

Мурдагы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата бардык кылмыш иштери кылмыштын курамы болгону үчүн козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эгер Бейшеналиев прокурорлорго карата арыз менен кайрылса иш каралат.

«Ооба, Алымкадыр Бейшеналиев менен ортобузда пикир келишпестик болгон. Ал маалымат каражаттары аркылуу дагы ар кандай сөздөрдү айтты. Бирок мен унчуккан жокмун. Ага карата козголгон иштердин баарында кылмыштын курамы болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен биз макул болдук. Эгер ал иш козгогон кызматкерлерге доо арыз менен кайрылса иш каралат»,— деди Зулушев.