Домой Саясат “Жал” кичи районунун тургундары “Эмгек” партиясына үмүт артууда

“Жал” кичи районунун тургундары “Эмгек” партиясына үмүт артууда

285

Бүгүн, 22-мартта “Эмгек” партиясынын талапкерлеринин кезектеги үгүт иштери борбор калаадагы “Жал” кичи районунда өтүп, ага партиянын төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров, анын тарапташтары, партиянын жаштар канатынын өкүлдөрү катышты. Эки сааттан ашык убакытка созулган жолугушууда жол, мектеп, бала бакча, эс алуучу жайлар жана сугат суу маселелери талкууланды.

Шайлоого партиянын тизмесин баштап бараткан талапкер Жаныбек Абиров алгачкылардан болуп сѳз сүйлѳп, партиянын максатына, алдыдагы кыла турган иштерине токтолду.
Ал “Эмгек” партиясы “Демилгелүү шаар” программасын сунуштап жатканын белгилеп, анда жашылдандырууга, ирригация маселелерине, Бишкектин экологиясы сыяктуу көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурулганын айтты.
“Сиздердин көтөргөн маселени абдан жакшы түшүнүп турам. Биз эгер шайлоодо жеңишке ээ болсок, Жал кичи районун сугат суу менен камсыздоо, жашылдандырууга көңүлүбүздү буруп, өз ишибизди ушундан баштайбыз”,- деди ал.
Ошондой эле Абиров алдыдагы шайлоодо куру убадаларга алданбай, жаш, жаратман “Эмгек” партиясын колдоого алууга чакырып өттү.
Иш-чаранын соңунда аталган аймактын тургундары “Эмгек” партиясынын талапкерлери башкалардан айырмаланып, шайлоого чейин эле шаардын бардык бурчунда чоң иштерди аткарып келгенин белгилешти. Ошондой эле алар жаш жана күчтүү партия жакшы үмүттөрдү жаратып жатканын айтышып, акыркы үмүтү “Эмгек” партиясында болуп жаткандарын жашырышкан жок. Андан сырткары тургандар убагында бул партиянын таларкерлеринин колдоосу менен Жалга балдар үчүн ойноочу жай, кичи футбол аянтчасы, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынганын айтышып, ушундай партиялар шаардык кеңешке келишин каалай тургандарын айтып, баталарын беришти.


Өз кезегинде Абиров шаардын тургундарына ыраазычылыгын билдирип, аларга көрсөткөн колдоолору жана ишеними үчүн рахматын айтты.
“Сиздердин колдооңуздар бизге дем берет. Сиздер менен биргеликте биз өнүккөн Бишкек шаарын курабыз”,- деди талапкер Жаныбек Абиров.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.