Домой Ден-соолук Бишкектеги мектептерде бир нече класс карантинге жабылды

Бишкектеги мектептерде бир нече класс карантинге жабылды

12

Баш калаанын бир нече районундагы айрым мектептердеги класстар COVID-19 вирусунан улам карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпы он мектепте жыйырмага жакын класс карантинге жабылганы маалым болду.

Коронавирусту жайылтпоо максатында мектептердеги класстарда бул оору аныкталса Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык класстар жапырт карантинге жабылат.

28-сентябрга карата вирустан эки адам каза болду. 58 адамдан оору жаңы аныкталды. Жалпысынан илдет 178 375 кишиден аныкталып, анын 173 005и айыкты.

Кыргызстанда билим берүү мекемелери быйыл, 15-сентябрдан тарта салттуу окутууга өткөн. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн.