Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Египетте өтө турган рейтингдик турнирге катышат. Бул жылдагы рейтинг каралган экинчи турнир 23-26-февралда Александрия шаарында өтөт.
Кыргызстандын курама командасы:
— 62 кг чейин Айсулуу Тыныбекова;
68 кг чейин Мээрим Жуманазарова;
— 76 кг чейин Айпери Медет кызы;
— башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков;
— улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев.
Биринчи этап — «Ranking Series» турнири Хорватияда өтүп, жыйынтыгында Айпери Медет кызы 2-орунга чыкса, Айсулуу Тыныбекова 13-орунга жазылган.