Домой Спорт Айсулуу Тыныбекова Киевдеги турнирге катышат

Айсулуу Тыныбекова Киевдеги турнирге катышат

46

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Украинада өтө турган турнирде өнөр көрсөтөт. Бул тууралуу КРнын Күрөш федерациясы билдирди.

Белгиленгендей, күрөш боюнча турнир украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүүгө арналган. Ал 26-28-февралда Киевде (Украина) өтөт.

Башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында аялдар арасындагы Кыргызстандын курама командасында беш спортчу бар экендиги көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамы:

57 кг чейин – Сезим Жуманазарова; 59 кг чейин – Назира Марсбек кызы;
62 кг чейин – Айсулуу Тыныбекова;
68 кг чейин – Мээрим Жуманазарова;
76 кг чейин – Айпери Медет кызы.

Турнир украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүүгө арналган