Домой Коом Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды (видео)

Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды (видео)

39

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болду.

4-октябрда килем үстүнө чыгып, Япония, Беларусия, Украиналык спортчулар менен болгон беттешти катары менен жеңип, финалга чыккан.

Ал эми, 5-октябрда алтын үчүн болгон беттеште АКШлык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алып, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча экинчи ирет Дүйнө чемпиону аталды.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында да алтын медаль багындырган.