Домой Коом «Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушу түштү

«Кыргызстан» партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушу түштү

65

«Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин артка кайтаруу сунушу түштү. Бул тууралуу БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, партиянын документтерин мыйзамда көрсөтүлгөндөй, расмий өкүлү келип тапшырган эмес −Эльвира Абелдиева өзүн жаман сезгендиктен, келе албай калган.

«Мыйзамда көрсөтүлгөн субъект аркылуу берилбегендиги үчүн жумушчу топ кайтарып берүү жөнүндө БШКнын кароосуна сунуш кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда тийиштүү чечим чыгарат», — деди Бекматов.

«Кыргызстан» партиясынын өкүлү Талант Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, айрымдардын басымы астында чечим кабыл албоого чакырды.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17:59 деп жазылган. Ал эми, «Ата Мекенден» шайлоого аттанган Тилек Токтогазиев БШКнын каттоо журналында партиянын расмий өкүлүнүн кол тамгасы да жок экенин билдирген.

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.