БШКнын тегерегинеги ызы-чууга жооп кайтарып аларда болуп жаткан кайдыгерликти кардиолог
Калдарбек Абдраманов фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анда: «Акыркы алты партиянын документ тапшырган убагы. 17:54, 17:55, 17:56, 17:57, 17:58, 17:59
экен. Булар баары паравоз болупі чогуу келип тапшырышкан окшойт. Ар биринин документин бир минутадан карап, толук текшерип чыгып кабыл алууга үлгүрсө, анда бул БШКнын иши чатак экен. Шайлоонун жайынтыгын бурмалоо эмитен эле башталыптыр десек болот анда! Ким эми ишенет буларга!? Кыргыз элин мал деп ойлошобу булар!? БШК жооп бериш керек. Төрайымы отставкага кетсин! Бул боюнча документтерди кайра оңдоо (подделка) боюнча кылмыш иши козголушу керек. Азыртан ушундай махинацияга барышса, эртең шайлоо жыйынтыгын көз көрүнө бурмалашат! Мындай жолдун аягы «таза шайлоо” эмес эле кыргыз элин, мамлекетин «жайлоо» менен бүтөт!»-деген ал өз сөзүндө.
Булак: osmon.media