Бельгиянын борбору Брюсселде бир таластык Н.У. деген неменин “Сары-Челек” деген рестораны бар экен. Балким, Тойчубековдун туушкандарынандыр. Мына ошол ресторандан эшектин эти табылып, ал ресторан жабылыптыр. Эшекти цирктен 25 жаштагы Ж.М. менен И.Д. уурдаптыр. Эшек Пуату деген эшектердин өтө сейрек кездешчү тукумунан экен, баасы 10 миң евро дейт. Ал эми 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эки жаран колго түштү. Алар эшек уурдап союптур. Бул эки желмогуз Бишкектин Чапаев көчөсүндөгү бешбармак саткан кафе менен сүйлөшүп коюптур, эшектин этин өткөрмөккө. Эшектин этин саткандар өлүп кетишпейт го. Элди ойлобогон бул “эшектер” энесин да да сатышкандан кайра тартышпайт го, кара башын гана жеп калгырлар.