Домой Коом «Фермерлерге зыян, эт керектөөчүлөргө пайдалуу чечим»: Ошто өкмөттүн токтому талкууга түштү

«Фермерлерге зыян, эт керектөөчүлөргө пайдалуу чечим»: Ошто өкмөттүн токтому талкууга түштү

86

19-ноябрь күнү өкмөттүн социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салуу боюнча токтому чыкты. Анда мал жандыктары, дан эгиндери, өсүмдүк майы, шекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз сыяктуу товарлардын экспорттолушуна тыюу салынган. Аталган товарларды экспорттоого тыюу салуу сунушун өкмөткө Айыл чарба, өнөр жай, тамак-аш жана мелорация министрлиги берген. Министр Тилек Токтогазиев жагдайды азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маанилүү экени менен түшүндүргөн. Бул арада Ош облусунда өкмөттүн аталган токтому чоң талкууга жем таштады.

Облустагы айрым фермерлер мал-жандыктарынын тирүүлөй экспорттолушуна тыюу салынышы менен миңдеген доллар чыгымдарга учурап калуу коркунучу бар экенин айтып жатышат. Деген менен эт керектөөчүлөр менен мал алып саткан ортомчулар өкмөттүн бул кадамын алкашууда.

Бир нече жылдан бери асыл тукум чарба иши менен алектенген фермер Дастан Ботоев мал-жандыктарынын экспорту токтоп калса фермерлердин капчыгы жукарарын өзүнүн чарбасынын мисалы менен түшүндүрдү.

«Негизи мага окшогон фермерлерге мал-жандыктарынын тирүүлөй экспорт болуп турганы жакшы эле. Бул маселени эт керектөөчүлөр гана чыгарды деп ойлойм. Менин баамымда Кыргызстандын калкынын 85% мал менен тиричилигин өткөрөт. Ошондой эле калктын 85% эт өндүрүүчү болуп эсептелет. Эми токтомдон кийин бизге окшогон фермерлердин чөнтөгү жукарат. Соодабыз токтоп калуу коркунучу бар. Мисалга мал сатуу менен капчыкка айына жөн эле 4 миң доллар түшчү. Эми ошол акчалар жок. Анан шаар жериндеги ашканалар биздин этти албайт. Алар Кытайдан келген арзан этти алышат. Анан бизге кандай пайда калат», – деди Ботоев.

Дагы бир фермер Жибек Арзибаева мал Өзбекстанга сатылып турган мезгилде жылдагыга салыштырмалуу кой-эчкинин баасы өскөндүгүн белгиледи.

«Бул токтомдун бизге пайдалуу, зыяндуу да жактары бар. Пайдалуу жагы эт керектөөчүлөргө болду. Ал эми зыяндуу жагы фермерлердин пайдасы азайганында болот. Маселен бизде 650 тубар кой бар. Жылына 100-200 койду дүңүнөн сатабыз. Жөнөкөйлөп айтканда былтыркы жылы 100 койду 11 миң сомдон саткан болсок, быйылкы жылы 14 миң сомдон саттык. Бирок токтом биздин чөнтөгүбүгө зыян болгону менен элге пайдалуу болду», – деди Арзибаева.

Учурда Ош шаарында гана эмес, жалпы Рш облусунда эттин, жүгөрүнүн, арпанын, өсүмдүк майынын, ундун баасы жогорулады. Шаарда 1 кг эт 450 сомдон бааланып жаткан болсо, 5 литр пахта майы 610 сом, 5 литр күн карама майы 610 сом болууда. Ал эми 50 кг ундун баасы 1500-1650 сом болуп жатат.

Ош базарында эт сатып иштеген Атабек малдын экспортолушуна тыюу салган токтомдун чыккандыгына 6 күн боло элек туруп, эттин кору жогорулагандыгын белгиледи. Бирок ал эттин баасы 1 айга барып төмөндөрүн айтты.

«Буга чейин мал Өзбекстанга сатылып жактанда биз араң эле мал таап сойчубуз. Ошондуктан эт кымбат болчу. Азыркы күндө союп сатканга мал бар. Азыр эттин баасы төмөндөбөгөнү менен 1 ай убакыттан кийин төмөндөп калат», – деди Атабек.

Ал эми мал алып сатуу менен алектенген Кудурет Аданбаев болсо өкмөттүн экспортко тыюу салган токтому ага окшогон алып сатарлардын жумушун жеңилдетерин болжоду.

«Мен базардан мал алып, кайра сатам. Бизге негизи малдын кымбаттап, арзандаганынын айырмасы жок. Бирок мурун мал арзан кезинде 50 миң сомго 10 кой сатып алган болсом, азыркы күндө 100 миң сомго араң 10 кой алам. Эгер экспортко тыюу салынып калса бизге окшогон соодагерлер аз көлөмдөгү акча менен гана тиричилигибизди өткөрүүгө болот», – деди Аданбаев.

Адистер, өкмөт токтомду базарды анализдеп туруп, шашпай чыгарса да болорун кошумчалашты. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Максатбек Сабиржановдун маалыматына караганда, облустун аймагынан быйылкы жылы 43 баш жылкы экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 14 башка көп. Ошондой эле облустун аймагынан 1 миң 557 бодо мал экспорттолду. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 1 миң 372ге көп. 14 миң 505 кой-эчки экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 14 миңге көп. Аны менен катар эле быйылкы жылы облустун аймагынан чет өлкөгө 1 кг дагы эт экспорт болгон эмес.