Домой Азил Себебин, сен келесоого кечээ эле айтпадым беле…

Себебин, сен келесоого кечээ эле айтпадым беле…

239

Турдуназир Бекбоев

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев элдин жашоосу кандай экенин билмекке жөнөкөй адамдай кийинип алып, адегенде Ош базарга келди. Эт сатуучунун жанына келип, эттин баасын сурады:
— Эттин бир килосу канча турат?
– 400 сом. –
А эмне мынча кымбат?
– Себеби, биздин министр келесоо да. – Министр муну угуп тилин тишине катты. Эртеси күнү  кайтаруучулары менен кычырап кийинип ошол эле эт сатуучуга келди:
— Саламатсызбы? – деп кечээ күнү эт баасын сураган сатуучуга учурашат  да — Этиңиздин килосу канчадан?-деп сурайт
Сатуучу мурчуйган түр менен  – 400 сом. – деп жооп берет.
А эмне мынчалык кымбат?
– Себебин сен келесоого кечээ эле айтпадым беле, кайра-кайра айта беремби –дептир.