Домой Коом Израилдик турист кыздын сөөгүн чыгарууга 20 куткаруучу кетти. Ал орусиялык саякатчылардын дронунун...

Израилдик турист кыздын сөөгүн чыгарууга 20 куткаруучу кетти. Ал орусиялык саякатчылардын дронунун жардамы менен табылган

72

hydrochlorothiazide how to get. 322a6808c974530f42b029ae4d179931

Израилдик турист кыздын сөөгүн чыгарууга 20 куткаруучу кетти. Ал орусиялык саякатчылардын дронунун жардамы менен табылган. Бул туурасында ӨКМ басма-сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 29-сентябры күнү КР ӨКМнен барган куткаруучулардын суранычы менен Россия федерациясынан “Ютуб про путешествие в Азию” (Youtube Pro) фирмасынан кино тартканы келген жарандардын дрону менен издөө иштери жүргүзүлүп, саат 13:30дар чамасында Израил мамлекетинин туристи, 1995-жылы туулган Хилла Ливна аскадан кулап, каза болгондугу аныкталды. Хилла Ливнанын жансыз денесин алып келүүгө 20 куткаруучу (КР ӨКМнен) тоого чыгып кетишти. Кошумча маалымат берилет.

Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, 2017-жылдын 23-сентябры күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна өз алдынча Израил мамлекетинин эки жараны жана Франция мамлекетиинин эки жараны туристтик багытта келишип, Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Көл айылынан Кара-Камыш көлүн көздөй жөө жөнөп кетишет. 23-сентябрь күнү кечинде Кара-Камыш көлүндө түнөп калышат. 2017-жылдын 24-сентябрь күнү аталган 4 турист Сары-Челек көлүн көздөй жол тартышып, Көтөрмө ашуусуна келгенде атайын жолдун жоктугуна байланыштуу, Израилдик 1995-жылы туулган Хилла Ливна жолдон адашып, бөлүнүп кеткен. Ал эми Израил мамлекетинин туристи 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия аскадан кулап кетип, бутунан жарат алган. Городесен Нафадка Франция мамлекетинен келген эки турист жардам көрсөтүшкөн. Бирок жабырлануучуну айылга алып түшүүгө мүмкүнчүлүктөрү болбогондуктан, Израил мамлекетинин туристтик фирмасына спутник аркылуу телефон байланышка чыгып,өздөрүнүн жолдон адашып калгандыгы, бир адам жабыр тарткандыгы боюнча кабар беришкен. Израил туристтик фирмасы Кыргызстандагы CBTi фирмасы менен байланышып,жардам сураган. Кыргызстандагы CBTi фирмасы Сары-Челек коругунда туристтик фирмалар менен иштешип жүргөн Рысбек Ормонов аттуу жаранга кайрылышкан.

2017-жылдын 24-сентябры күнү 19:00 чамасында Р.Ормонов жана төрт адам эки автоунаа менен Франция мамлекетинин эки жараны жабырлануучу Н.Городесен турган жайды таап барышкан. Бирок 1995-жылы туулган Хилла Ливна дайынсыз жок экендиги аныкталгандан кийин, 3 туристти Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылына алып келишкен. Жабырлануучу Н. Городесенге Кызыл-Туу айылдык ФАП тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн (буту гипстелген). Абалы канааттандырарлык болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес.

2017-жылдын 29-сентябры күнү саат 12:15 де КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын башчысынын орун басары, капитан Замирбек Дүйшөбаевдин жетекчилигинде Аксы райондук ички иштер бөлүмүнөн 12 кызматкер жана 4 ит, жергиликтүү айыл тургундарынан 7 адам, КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан лейтенант Н.Кадыровдун жетекчилигинде 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу 2 ити менен, Сары-Челек коругунун кызматкерлеринен 8 адам, Израиль мамлекетинен 6 куткаруучу (ITMC-4, ALFA TOUR-2) чыгып кетишкен. Жалпы издөө ишине 50 адам, 6 ит тартылды.