Улуттук энергохолдингдин “балакай” жетекчиси Айбек Калиев кечээ күнү Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине өзү башкарган энергохолдингдин карамагына өтө турган энергомекемелерди кароо маселесин сунуштады эле, комитеттин төрагасы Кожобек Рыспев: “Бул боюнча токтом күчүнө кире электе, бул тууралуу сөз да болбошу керек. Кийин биз коомчулукка эмне деп жооп беребиз? Силер эмнеге жакшы иштеп жаткан 9 эле энергообңектти өзүңөргө алабыз деп жатасыңар? Бул тармакты оңдойбуз десеңер буга чейин иштебей калган, банкрот болгондорду кошо албайсыңарбы? Мен комитеттин төрагасы катары силердин мындай саясатыңарга каршымын”, -деп бапылдап, чындап эле кызыл чеке болуп бирөө менен урушуп жаткандай сүйлөгөндү адатка айлантып алган Кожобек мырза, ансыз да тажрыйбасы аз, жаштыкка мас “балакайды” коркутуп салды окшойт.