Домой Саясат Кылмышка шектүү болуп соттук териштирүүлөрдө жүргөн жарандар шайлоого катышууга укугу барбы?

Кылмышка шектүү болуп соттук териштирүүлөрдө жүргөн жарандар шайлоого катышууга укугу барбы?

53

 

1033688205

 

Мына ушундай маселе жаралып атканы белгилүү. Себеби, dapoxetine online purchase. бүгүнкү күндө коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча шектелип, кылмыш иши козголуп, учурда соттук териштирүүлөрү жүрүп аткан «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да алдыда боло турган президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга документтерин тапшырганын анын өкүлдөрү маалымат булактарына билдирип чыгышкан. Текебаевдин тарапташтары «соттун чечими али чыга элек, демек, Текебаевдин күнөөсү далилдене элек, андыктан ал шайлоого катышууга толук кандуу укугу бар» деп билдиришүүдө. Чындыгында эле ушундайбы? Буга Кыргыз Республикасынын «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамы кандай карайт? Мына ушул суроолордун жандырмагын чечели.

Кепти көп созо бербей «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамдын 3-беренесинин 3-бөлүгүн талкууга алалы. Ал үчүн, «Тергөө изолятору эркинен ажыратуу оруну болуп саналабы?», «Эгерде ошондой болуп санала турган болсо, анда СИЗОдо отурган (шектүү, айыпталуучу жана соттолуучу) добуш берүүгө жана/же шайланууга укугу барбы?» деген суроолорго жооп алуу абзел. Мындай шартта төмөнкү негизги моменттерге токтолуу зарылчылыгы жаралат.

Биринчиден,     КР мыйзамында «Кыйноолорду алдын алуу жана башка катаал, адамгерчиликсиз жана ар-намыска шек келтирүүчү кайрылуулар жана жазалар түрлөрү боюнча КР улуттук борбору боюнча» эркинен ажыратуу оруну аныкталган жана ага убактылуу кармоочу жайлар жана тергөө изоляторлору да кирди.

Экинчиден,    «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамда шектүү, айыпталуучу жана активдүү шайлоо укугуна ээ катары камакта кармалып турган жактар да соттолгондор тизмесине кирбей эске алынат.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 41-беренесине ылайык, айыпталуучу болуп – ага карата бекитилген ушул Кодекс боюнча аны айыпталуучу катары кылмыш жообуна тартуу токтому чыккан же тездетилген сотко чейинки өндүрүшкө кат түрүндө макулдугун бергендер таанылат.

Соттук өндүрүш кабыл алынган адам соттолуучу болуп аталат, ал эми ага карата чечим чыкса – ал соттолгон болуп табылат. Ушул жерден маалымат иретинде айта кетели, шайлоо укугу – активдүү (шайлоого укугу) жана пассивдүү (шайланууга укугу) болуп бөлүнөт.

Мына ушундай жагдайдан улам, «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамда сот аркылуу аракетке жөндөмсүз же эркинен ажыратылган орундарда кармалып тургандар (шектүү, айыпталуучу, соттолуучу жана соттолгон) шайлоого, жарандар тарабынан шайланууга укугу жок экендиги билинет. Бирок, «КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча» мыйзамдын 33 жана 14-беренелериндеги жоболор боюнча шектүү жана айыпталуучу катары убактылуу кармоочу жайларда отургандардын активдүү шайлоо укугу бар экендигин эске алышыбыз абзел. Башкача айтканда, кылмышка шектүүлөр жана айыпталуучулар шайлоодо добуш берүү гана укугуна ээ. Ал эми соттолуучу жана соттолгондор активдүү да, пассивдүү да шайлоо укугуна ээ эмес.

Мына ушундан эле эми «ата мекенчилер» жана өзүн 2010-жылдагы Конституциянын «атасы» атаган “эмгек сиңирген юрист” Өмүрбек Текебаев тыянак чыгарат болуш керек. Өзүн соттолуучуга кошобу, же шектүү, айыпталуучуга кошобу, өзүнүн иши. Эң негизгиси, анын шайланууга укугу жок экенин түшүнсө болду.