Бишкекте жайгашкан жаңы курулуп жатып, курулушу токтогон көп кабаттуу үйдүн ээлери президенттин кеңешчиси Арзыбек Буркановго нааразы. Бул тууралуу нааразы тарап «Кактус.медиа» редакциясына билдирген.
Алардын айтымында, Буркановдун компаниясы Бишкекте көп кабаттуу үй курабыз деп адамдардан акча алган, бирок курулуш 7 жылдан бери бүтө элек.
«Биз бул үйдүн курулушу үчүн керек делген каражатты 100 пайыз төлөп бүткөнбүз. Бирок Бурхановдун компаниясы алдап дагы деле бүтүрө элек. Эгер президенттин кеңешчиси ушунтип алдаса кимге ишенебиз. Качан бүтөт десек акча жок дейт»,— деди курулушу бүтпөй калган үйдүн ээлеринин бири.
Эгер президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурканов аталган маселе боюнча пикирин билдирсе, редакциябыздан орун берүүгө даярбыз.
media.centr.kg