Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов Курманжан датка көчөсүндө курулуп жаткан 9 кабаттуу 80 батирлүү үйдү жана Достук кичи районунда курулуп жаткан 9 кабаттуу 90 батирлүү үйдү көрүп чыкты. Планга ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү 80 батирлүү көп кабаттуу үй кийинки жылдын жаз айларында пайдаланууга берилет. Курулуш иштери кыш мезгилинде да жүргүзүлөт. Кышында терезелерди коюу, жылуулук системасына кошуу боюнча иштер жүрөт. Ал эми Ош шаардык мэриясы тарабынан бардык керектүү каражаттар бөлүнүп берилген.
Кийинки 90 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушу ушул жылдын август айында башталган. Экинчи үйдүн курулушу 2022-жылдын март айына пландаштырылган. Учурда курулуш иштери мөөнөтүнөн мурда жүрүп жатат.
Мындан сырткары жакында 60 батирлүү үчүнчү көп кабаттуу үйдүн курулушу башталат. Ал батирлер дагы муниципалдык ипотекалык программанын алкагында берилет. Кийинки жылы дагы 2-3 муниципалдык ипотекалык программанын алкагында бериле турган көп батирлүү үйдүн курулушун баштоо пландалып жатат. Бул үйлөрдү куруунун негизги максаты – муктаж болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, социалдык кызматкерлерди мугалимдерди, дарыгерлерди, жаш адистерди арзан турак жай менен камсыз кылуу.
Ипотекалык турак жайдагы батирлердин бир чарчы метри 350 АКШ долларына бааланып, 12 жылдык мөөнөткө 4% менен берүү пландаштырылып жатат.
булак: turmush.kg