Домой Коом Ормонов: “Бишкек шаардык кеңешинде негизинен курулуш компанияларынын ээлери иштегендиктен, алар каалагандай курулуш...

Ормонов: “Бишкек шаардык кеңешинде негизинен курулуш компанияларынын ээлери иштегендиктен, алар каалагандай курулуш иштерин жүргүзүшөт”

161

Бишкек шаардык кеңеши «Бишкек башкы архитектураны» Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине өткөрүп берүүгө уруксат бербей жатат. Анткени ал жакта негизинен курулуш компаниялардын ээлери отурат, деп билдирди бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов.

«Аларга бул ыңгайлуу, каалагандай курушат. Ошондуктан «Бишкек башкы архитектураны» өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алгысы келбей жатат. Чечимди президенттин деңгээлинде чечүү зарыл. Антпесе шаарда баш аламан курулуштар жүрүп жатат», — деди ал.

Депутаттар бир күндү белгилеп, маселени чечүү үчүн бардык өкүлдөрдү чакырууну сунушташты.

«Бишкек башкы архитектура», мэрия келбептир. СССРдин убагында кимдир бирөө өкмөттүн токтомун аткарбаса, ал үчүн атылчу. Азыр эч ким укпайт, эч ким токтомду аткарбайт. Прокуратурага бул иштин бардык материалдарын изилдеп чыгууну тапшырыш керек, мунун баарын ким токтотуп жатканын иликтеп чыгышсын. «Бишкек башкы архитектура» дагы жоопкерчиликке тартылсын», — деди депутат Нурбек Тотонов.