Ушул жылдын 28-февралына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы) 4 млрд 948 млн 57 миң доллар же 419 млрд 391 млн 28 миң сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
2021-жылдын 31-январында мамлекеттик карыз 4 млрд 954 млн 11 миң доллар болчу.
Анын ичинен:
- 85,1 пайызы тышкы карыз: 4 млрд 212 млн 41 миң доллар (357 млрд 1 млн 92 миң сом);
- 14,9 пайызы ички карыз: 736 млн 16 миң доллар (62 млрд 389 млн 36 миң сом).


