Домой Саясат Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты

Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты

67

Ооба, жаңылыштык эмес, дал ошол өз элине ок атып, сыздатып кеткен канкор Курманбек Бакиев менен Өмүрбек Текебаевдин жолугушканы тууралуу аталган өлкөнүн бир катар абройлуу басылмалары жазып чыкты.

Курманбек Бакиев

Маселен, “Hedef Halk” басылмасы “Кыргызстандын оппозиция лидери өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту” аталыштагы куш тилиндей кабарда жолугушунун чындыгында болгонун бекемдеген. “Кыргызстандын оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен Кипрде жолугушту. Текебаевдин Бакиев менен жолугуу максаты өлкөдө ич ара тартип бузууларды жаратуу менен сентябрь айына пландалып жаткан президенттик шайлоого тоскоолдуктарды пайда кылуу экендиги белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге тынымсыз карама-каршы иштерин жүргүзгөн Текебаев жолугушуу учурунда Бакиевден жогоруда белгиленген максаты алкагында каржылык колдоо сурады”, — деп жазат “Hedef Halk”.

Эмнеге Кипрге өтө шашылыш жана тымызын жөнөп кеткенин, ал жактан кайтып келгенден кийин дагы көпкө чейин эмнеге барганы тууралуу маалымат каражаттарына ооз ачпай отурганын сыры эми ачыкталып атат окшойт. Анан 13-февралда гана “эсине” келип: «Мен Кипрден А.Атамбаевдин байлыктары тууралуу документ таптым, аны жакында коомчулукка алып чыгам» деп оппозициячылдардын жыйынында билдирген.

Буга чейин оппозициячылдар биринчи качкын президент Аскар Акаевдин президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткан маегине таянып, мамлекет башчысын сындап келишкенин билебиз. Эми болсо Текебаев Курманбек Бакиев менен жолугушуп, андан уккандарынын негизинде Алмазбек Атамбаевге чабуул жасайын деп турат окшойт.

Кандай болгон күндө да азырынча Өмүрбек Текебаев түркиялык басылмалардын жазгандары боюнча эч кандай жооп айта элек. «Унчукпагандык – макул дегендиктин белгиси» экендигин эске алганда, Текебаевдин канкор-качкын президентке жолугуп келгени айкын чындык окшойт. Ушундан эле Өмүрбек мырза саясый атаандаштарын жеңүү үчүн, өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн шайтан менен да мамиле курууга даяр экендигин билсек болот. Бирок, канкор менен жолуккан саясатчыга эми элибиздин көз карашы кандай болор экен? Апрель окуясында шейит кеткен азаматтарыбыздын арбактары урбас бекен?