Домой Саясат Келдибеков Ташиевдин айткандарын жокко чыгарды, “үчилтик” Сариевди колдобойбу?

Келдибеков Ташиевдин айткандарын жокко чыгарды, “үчилтик” Сариевди колдобойбу?

63

     

2016-11-30_16-27-45_815720

 

propecia for sale online.    Буга чейин айрым маалымат каражаттары А.Мадумаров, К.Ташиев, А.Келдибековдон турган “үчилтик” ажырап, Ташиев менен Келдибеков Темир Сариевди колдоп жатыптыр деген маалымат тараткан. Ага жогорудагы эрендердин “Ак шумкар” партиясынын 19-июнундагы курултайына катышып, сөз сүйлөгөнүн мисал тартышкан.

Мындай маалыматты А.Келдибеков жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде жокко чыгарды. Ал Сариевди атаандаш катары эсептеп, ага ийгилик гана каалаганын билдирип, эч кандай колдоо же биригүү тууралуу сөз болбогонун белгилеген. “Атаандашына алкыш айтса, ал биригүү эмес”, — дейт Келдибеков.

Темир Сариевдин пиарчылары болсо “Ташиев менен Келдибеков Сариевди колдоду, шайлоодо бир болот” таризинде маалыматты таратып, өзүнчө бактылуу болуп алды. Пиар дегенден мүлдө түшүнүгү жок бул адамдар Темир Аргенбаевичтин калтасын кагып, аны жарга түртүүдөн башка колдорунан келбейби? Маалыматты тактап, аны бир сыйра калчап туруп иш кылышбайбы. Эми минтип Сариевди баш кылып уят кылып отурганы акылга сыябы?