Домой Саясат Шыкмаматовдун соту да жылдырылды, булар сүйлөшүп алганбы?

Шыкмаматовдун соту да жылдырылды, булар сүйлөшүп алганбы?

36

 

 

1365231.1.1487328903

 

Учурда “Ата Мекен” партиясынын бир топ мүчөлөрүнүн үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Аларга коррупцияга барган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар коюлууда. Тилекке каршы, партиянын бардык мүчөлөрү сот иштерин создуктуруп, өзүнчө эле оюн ойноп жаткандай таасир калтырат. Буга чейин Өмүрбек Текебаев сотун ар кандай шылтоолор менен создуктуруп жатты эле, көрсө, ал президенттик шайлоого талапкер катары катталып, убактылуу жоопкерчиликтен кутулуу үчүн ушундай жолго барганы ашкереленди.

19-июнда болсо “Ата Мекен” партиясынын дагы бир мүчөсү Аида Салянова отурумду кийинкиге калтырды. Ал эми 20-июнда Алмамбет Шыкмаматовдун соту Биринчи Май райондук сотунда уланып, отурум башталбай жатып анын адвокаттары “айныды”. Тактап айтканда, дагы бир айыпталуучуну жактаган адвокаттар иш менен таанышууга убакыт сурап, сот ишин 27-июнга жылдырды. buy twin fertility drugs online.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү ар кайсы маалымат каражаттары аркылуу бакылдап, актанып, өздөрүн “периште” көрсөткөндү коюп соттон акталбайбы? Эгер таза экенине ишенсе неге качат? Тааныша турган иш болуп же асмандан түшсөчү. Өздөрү жасаган нерсеге эле жооп берип койбойбу? Булар дагы оюн жасап, сотту уламдан-улам созо берсе тиешелүү чара көрүлүшү керек.