«Революциянын бульдозеру» деп койсо күпүлдөп, кайда барып урунарын билбей мактанып калган Азимбек Бекназаровдун эки «чындыгы» бар экенин акыркы убактарда жакшы билип калдык. Анын биринчи «чындыгы» эл алдында, сот залында сүйлөгөн сөзү болуп саналат экен. Бул «чындыгын» айтып атканда ал кайсы бир саясатчынын ошол убактагы абалын эске алып айтат тура.
Ал эми экинчи чындыгы – бул тар чөйрөдө, жөн гана сыр чечишкиси келген чөйрөдө айтылат экен. Болгондо да өзүнүн биринчи «чындыгын» экинчи чындыгында жокко чыгарып, «мен аны аядым да, анан өлүп бараткан адамды да ого беш бетер тебелечү беле» деп башталат экен.
Адегенде анын К. Ташиев менен «сырдашып» атканы боюнча аудиожазуу интернет булактарына тараган. Анда эки саясатчы Ө. Текебаевдин сотуна барып, жалган көрсөтмө беришкенин, жөн гана башкы «атамекенчинин» бүгүнкү абалына ичтери ачышып, аны аяп кетишкенин саймедирешкен. Албетте, аудиожазуу коомчулукка тарагандан кийин Азимбек мырза да, Камчыбек мырза да аны «жасалма», «монтаждалган» деп танып чыгышкан болчу.
Бирок, көп күттүрбөй эле Азимбек Бекназаров эми тана албай турган экинчи жагдай пайда болду. Тактап айтсак, ал кайсы бир телеканалга барып маек куруп, маектен кийин Раушан Рыкунова айым менен чай ичип сүйлөшүп отуруп, көптөгөн эл билбеген сырларды ачыкка чыгарганы боюнча видеотасма интернет булактарына тарады. Мына ошол тасмадагы эл билбеген Бекназаровдун айрым чындыктарын ортого салалы.
cvs effexor generic equivalent.
Текебаев менен Салянованын «сага да эмес, мага да эмес» «чечими»
«Альфа Телекомдун» 100% улутташтырылышы туура эмес кадам болгон, А. Салянова муну Ө. Текебаевдин тапшырмасы боюнча атайылап, мыйзамсыз жасаган деп эсептейт А. Бекназаров. Биз муну тастыкташ үчүн А. Бекназаровдун видеотасмадагы айткандарынан өзгөртүүсүз үзүндү келтирели: “Анткени булар билесиң да, мына Альфа Телекомдуку деп Салянова конфискация кылдырып койбодубу? Это по заказу Текебаева умышленно кылдыртты, это неправильно, это незаконно. То есть если сегодня Елисеев обратиться в международный суд он выиграет. Потому что наш суд признал это как имущество Елисеева и конфисковало понимаете? А этот суд неправильный приговор вынес, потому что…(буйдала түшүп) …до сих пор стоит же. А это Текебаев и Салянова специально сделали. Умышленно. Сегодня хвастается Салянова “Я национализировала 100%”. Нет. Они неправильно сделали. Потому что они не смогли свои планы сделать, и они сделали “ни мне ни тебе”. Я постоянно говорю “Это надо отдать”, это справедливо будет и законно будет. Надо отдать”, — дегем дейт ал.
Демек, мына ушул айткандарынан улам биз Текебаев “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 51%ын россиялык ишкерге алып бере албай калган соң, бардыгын улутташтырып салыш керек деп Саляновага көрсөтмө берген деп түшүнө берсек болобу?
Бекназаров Текебаевдин “өлүп баратканын” кайдан билет?
Текебаевдин сотуна барып жалган көрсөтмө бергенин А. Бекназаров бул видеотасмада да тастыктайт. Ага Раушан айым мындай деп кайрылат: “Азимбек Анаркулович помните история была когда у Чотонова на дне рождении мы с Текебаевым схлестнулись. Байболов там был… Там день рождения болуп анан Текебаев улам эле жанагы Модиндин кишилерин киргизебиз деп Мегакомго мне же говорили, Модинди киргизем деп атат деп… А бая күнү Текебаев эч качан претензия кылган эмес, эч кимди киргизем деп айткан эмес деп сотко айтып атасыз”.
Анан буга А. Бекназаровдун берип аткан жообу бул болуп атпайбы: “Эми ал өлүп аткан кишини мен эмне кылам? Зачем? Мен сизди …”.
Анан андан ары да узакка көп нерселерди айтып отуруп, кайра эле Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергенин мындайча ырастайт: “Сотто жыгылып аткан кишиге мен, мобу балдар да билет, “Э Кудай өзүң кечир деп калпты айтып чыктым деп сразу айттым! Итак все…”, — дейт ал.
Анда Раушан айым А. Бекназаровдун берген көрсөтмөсүнө аябай таң калганын айтып “Сиз өзүңүз деле көрбөдүңүз беле Модиндин келгенин?” деп сураса, Ал: “Мен аны айткан жокмун, менден аны сураган жок. Менден болгону сурады ошол он үчүндө тиги ким эле Маевский келгенин. Мен көргөн жокмун”, дейт. Демек, Модин менен Текебаевдердин ортосунда жолугушуулардын болгонун Бекназаров абдан жакшы билет, бирок аны сотто айткан эмес.
Сотко барып күбө болуп аткан ар бир адамга жалган көрсөтмө берсе, мыйзам алдында жоопкерчилик карала турганы алдын-ала эскертилет. Анда неге Бекназаров жалган көрсөтмө берген?
Текебаевге Салянованы байлап туруп кылмыш ишин козгош керек беле?
А. Бекназаров Ө. Текебаевге карата козголгон кылмыш иши чала болуп калганын, ага Салянованы кошуп байлап туруп, анан кылмыш ишин козгогондо чыныгы коррупция боюнча иш козголмок экенин да видеотасмада айтып отурат. “Андан кийин айттым “Текебаев 49%-50% заниматься эткен эмес, мен заниматься эткем. При чем булар” деп. Булар ишти туура эмес козгоду да. Булар козгоп туруп Салянованы байлаш керек болчу. Жанагы сотту сураш керек болчу. Жети жыл эмне үчүн каратпай койдуңар деген суроону соттордон сураса, соттор айтып берет да “бизден Салянова кайра алып койду” деп эле айтып берет да. Ошону менен коррупция кылыш керек. Анан эми Маевскийден алган акча это мошенничество да. Это мошенничество”, — дейт ал.
Мына ушул пикирин ал сот отурумунда неге айтпады? Кандай болгон күндө дагы Текебаев “Мегаком” чуусуна аралашканы чындык турбайбы? Анда неге сотто аны апакай кылып актап атат?
“Чындык, чындык” деп чыркырагандай түр жарата билген саясатчыларыбыз ушинтип сотто бирди, соттон чыккандан кийин башканы айтып отурганы акылга сыя турган жорукпу? Качанкыга чейин чындыкты тар чөйрөдө гана айтып, ал эми коомчулуктун алдында аны танып басып жүрөбүз? Азимбек мырза буга өзү кандай жооп айтар экен? Балким Текебаев менен Маевский, Модиндердин ортосундагы сүйлөшүүлөр, байланыштар тууралуу кашкайган чындыкты эми ачык айтып чыгаар.