Домой Саясат Талап катуу болсо, иштин натыйжасы жемиштүү болот

Талап катуу болсо, иштин натыйжасы жемиштүү болот

131

 

Sooronbai-ZHeenbekov

20-июнда Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жоюуга арналган өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыкты. Себеби, А. Абдыкаров жасалган иштер боюнча отчет берип жатып, өкмөт башчынын берген суроолоруна жооп бере албай калган.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы жер көчкү Аюу-Сай айылындагы жети үйдү басып, 24 адам көчкү алдында калган эле.Андан көп өтпөй Чоң Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда жер титирөө болуп, ондогон турак-жайлардан жарака кетип, дагы бир нечеси авариялык абалга келген. Мына ошондо табият кырсыктарын тез арада калыбына келтирүү, андан запкы жеген мекендештерибизге тиешелүү жардамдарды берүү и-аракеттери жасалып атат. Бирок, дагы деле алешемдиктер кетип атканы билинүүдө.

Мына ушундай жагдайда өз ишине олуттуу мамиле жасабаган атка минерге өкмөт башчы катуу айтууга аргасыз болду. legal cocaine by echeck. «Суусу, жолу, электр энергиясы жок болсо көч деп кыстап жатасыңар. Ким көчүп барат ал жакка. Кыла турган кишинин акыбалы мына. Өзү билбей отурат. Жумуштан айдап жиберсем жөн эле айдады Жээнбеков деп айтасың. Даярданып келбейсиңби. Качан башталарын сурап койбойсуңбу Ошко чалып. Чык эшикке, чык… Мына биздин кебетебиз», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Бул жыйындагы бүгүнкү көрүнүш башка аткаминерлерге сабак болуусу абзел. Мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп отуруу – бул жөн гана креслодо чалкалоо эмес, эл үчүн кызмат кылуу, чоң жоопкерчиликти моюнга алуу экенин аңдоого убакыт келди.