Казакстанда күн өткөн сайын коронавирус жуктургандар көбөйүп, карантиндик чектөөлөр күчөтүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Өлкөнүн ири шаары эсептелген Алматыда майрамдык иш-чараларга тыюу салынып, соода үйлөрү менен ресторандар жабылууда. Аймактардын жашоочуларына Алматы жана Нур-Султан шаарларына келбей туруу кеңеши берилди. Алматынын санитардык бийлиги шаарда вирус жуктургандар көбөйө берсе, былтыр жазындагыдай карантин киргизилип, калаа толук жабылышы мүмкүн экенин эскертүүдө.
Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус жуктургандардын көбөйүшүн 8-март майрамы менен байланыштырууда. Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, өлкө тургундары бул майрамды коопсуздук нормаларын эстен чыгарып, чоң шаан-шөкөт менен белгилешкен. 8-марттан кийин өлкөдө вирус жуктургандар кескин көбөйгөн: акыркы бир жуманын ичинде эле Алматыда күн сайын 400дөн кем эмес кишиден вирус аныкталууда.