Домой Ден-соолук Борбор калаада мектептер карантинге жабылууда

Борбор калаада мектептер карантинге жабылууда

10

Борбор калаа Бишкекте дагы 32 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу маалыматты калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева тастыктаган.

— Биринчи Май району — №27, 75, 83 мектептер.

— Ленин району — №2, 8, 22, 47, 57, 74, 79, 80, 97 мектептер.

— Свердлов району — №10, 11, 16, 21, 30, 33, 35, 66, 89 мектептер жана Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи.

— Октябрь району — №14, 17, 34, 56, 62, 63, 71, 73, 88 жана 98 мектептер.

Буга чейин борбор калаадагы 8 мектеп карантинге жабылганы кабарланган болчу.

Билим берүү жана илим министрлиги карантинге жабылган мектептер онлайн окутууга өтө турганын жана бул учурда мугалимдердин айлыгы толук төлөнөрүн билдирген.

Белгиленгендей, өлкө аймагында адистер күн сайын эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүдө.

Эгер мектеп же бала бакчада балдардын 20 пайызы ооруп келбей калса, объектти карантинге жабуу чечими кабыл алына турганы айтылган.

Ал эми Чүй облусундагы бардык мектептер карантинге жабылып, окуучулар онлайн форматта билим алып башташат. Бул тууралуу Чүй облустук ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдирген.

Анын айтымында, онлайн форматта билим берүү эпидемиологиялык абал турукташканга чейин уланат.

2022-жылдын 49 жумасында 2722 киши курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен катталган. Алардын көпчүлүгү 14 жашка чейинки балдар. Учурда күнүнө 1000ге жакын адам катталууда.