Домой Коом 5 жыл мурун Орусияда 4 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн Өзбекстандык аял...

5 жыл мурун Орусияда 4 жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн Өзбекстандык аял өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилет

29

Москвада 4 жаштагы кызды өлтүргөндөн кийин психиатриялык ооруканага түшкөн самарканддык Гүлчехра Бобокулова Орусиядан депортацияланат.

Маалыматка караганда, Орусиянын Ички иштер министрлиги анын Орусияда жашоосу ылайыксыз экени тууралуу чечим кабыл алган. Бобокулова дарыланып бүткөндөн кийин Орусиядан чыгарылат.

Бобокулова 2016-жылы 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Ал бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөн.

Ошол эле жылы 24-ноябрда Москванын Хорошевский райондук соту анын психикалык жактан оорулуу катары таанып, кылмыш жоопкерчилигинен бошоткон. Келин жасаган ишин мойнуна алып, “Аллах буйрук бергенин” билдирген. Мындан соң Гүлчехра Бобокулова Казандагы психиатриялык ооруканага дарыланууга жөнөтүлгөн.